Нурмат Садыров - Сардал кыз

Описание к видео Нурмат Садыров - Сардал кыз

Нурмат Садыров - Сардал кыз

✔ Каналга кошулуңуз: https://bit.ly/3lmpFBz
Коңгуроону 🔔 жандырып жаңылыктарды биринчилерден болуп көрүңүз!

Нурмат Садыровдун расмий баракчалары:
  / nurmat_sadyrov  

Текст:
Ак Сардал кыз, Сардал кыз,
Сен да жалгыз мен жалгыз.
Берейин десем мал таңгыс,
Бере албадым, Сардал кыз.
Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.

Өтүгүңдүн өкчүүсү,
Кылдан бекен Сардал кыз.
Экөөбүздүн ортобуз,
Зымдан бекен Сардал кыз.

Көк боз аттын куйругу да,
Күмүш десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Күнчүлүк десем айга окшойт.
Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.

Ак боз аттын куйругу,
Алтын десем кылга окшойт.
Экөөбүздүн ортобуз,
Айчылык десем жылга окшойт.

Көк өгүздү кубалап мен,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Көк белестин жанынан,
Жолуккамын, Сардал кыз
Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.

Ак өгүзүм кубалап,
Оолукканмын, Сардал кыз.
Ак белестин жанынан,
Жолукканмын, Сардал кыз.

Кашка суулуу булактан,
Суу аласың, Сардал кыз.
Карала да моюн катардай,
Чубаласың, Сардал кыз.
Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

Ак мөңгүлүү дайрадан,
Суу аласың , Сардал кыз.
Ашыктыгым ансайын,
Бураласың , Сардал кыз.

#НурматСадыров #СардалКыз

▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬▬

Бардык уюштуруу иштери боюнча суроолор үчүн:
Менеджер +996550869393

© ℗ Infinity Music. All rights reserved. Music and Video are Copyrighted.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке