«Миграция мени майып кылып, апамды алып тынды»

Описание к видео «Миграция мени майып кылып, апамды алып тынды»

Бек Шеримбек уулу 2018-жылы Орусияда иштеп жүрүп, жумуштан кырсыкка кабылган. 30 жаштагы мигрантты курулушта кыш жүктөлгөн таңгак басып калып, омурткасы сынып кеткен. Каргашадан кийин Бекти дароо ооруканага алып барышкан. Бирок ал 6 саат жатып эле чыгып кеткен.
Дарыгерлер Бекке омурткасынын эки кемирчеги сынганын айтып, дарылануу керектигин эскертишкен. Бирок ал үчүн 1 миллион рубль каражат керек болгон. Мигранттын анча акчасы жок эле. Ал эми Бек иштеген курулуш компания жардам берген эмес.
Каргашалуу окуядан 3 айдан кийин омурткасынын сынган кемирчектери ириңдеп баштаганда ал Кыргызстанга кайтып келген. 3 жарым жылдай ооруканада жатып, 3 жолу операция болгон.
Анын дарылануусуна акча табуу үчүн жакындарынын баары Орусияга иштегени кеткен. Апасы миграцияда жүрүп, оорудан улам көз жумган. Бек азыркы тапта омурткасынын 17 жеринде кемирчеги чирип кетип, бир буту кыймылдабай калганын айтты. Ал Түркияга барып, операция жасатууга муктаж болуп турат.

Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады

Чет жердеги журтташтар! Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________

ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке