Оторбаев Түгөлбек (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу)
Белгилүү акын Оторбаев Түгөлбек (Качкын Оторбаев, Түгөлбек Турпан уулу) бүгүн 82 жаш курагында дүйнө салды.
Ал Жумгал районунун Багышан айылында 1942-жылы 15-июлда туулган. 1959-жылы Чаек орто мектебин, 1964-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун механикалык факультетин ийгиликтүү аяктап, автомобиль транспорту боюнча инженер-механик деген кесипке ээ болуп, Фрунзедеги 1-жүргүнчүлөр автопаркында механик болуп 1965-жылга чейин иштеген.
1965–1966-жж. жүргүнчүлөр автотрестинде бөлүм башчы, 1966–1969-жылдары Панфилов районундагы автобазанын башчысы, 1969–1977-жылдары Жумгал районунун автоба-занын жетекчиси, 1978–1991-жылдары Кант районундагы жүк ташуучу автобазанын директорунун орун басары, 1991–1992-жылдары Кант районунун жүргүнчүлөр автобазасынын директору, 1992-жылдан Мамлекеттик техникалык инспекциясынын Бишкек шаардык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
2010-жылы Бишкек шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган.
1955-жылы Жумгал районунун «Социалисттик мал чарба» деген гезитине «Почтальон Токтосун» деген биринчи ыры жарык көргөн. Кийин райондук, республикалык гезит-журналдарга макалалары, ырлары жарык көрүп, 1962-жылдан «Чалкан» журналына сатиралык ырлары басылып турган.
2003-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
2003-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Жарык көргөн китептери
Кыргыз тилинде
Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 1-т. – Б.: Бийик-тик, 2002. – 495 б.
Жумгал дастан: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 2-т. – Б.: Бийик-тик, 2002. – 439 б.
Жумгал дастаны: Ырлар, санжыра, айтыш, поэма, очерк, новелла, эссе. 3-т. – Б.: Бийиктик, 2002. – 527 б.
Мидин минткен экен (1-китеп): Ырлар, экспромт сөздөр, сатира. – Б., Учкун, 2006. – 317 б.
Мидин эл арасында: Ырлар, экспромт сөздөр – Б.: Турар, 2008 – 320 б.
Информация по комментариям в разработке