Жаңылыктар | 1.07.2024 | Ноокат, Кара-Кулжада сел эки үй-бүлөнү жалмады

Описание к видео Жаңылыктар | 1.07.2024 | Ноокат, Кара-Кулжада сел эки үй-бүлөнү жалмады

Ош облусунун Кара-Кулжа районунунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.

Бишкектин Свердлов райондук соту акын жана активист Аскат Жетигенди “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен күнөөлүү деп таап, үч жылга абакка кести. Акын коюлган кинелерди четке какты.

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкты. Буга нааразы болгондор акция өткөрүштү.

#бүгүназаттыкта #сел #кырсык #азаттык
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке