Шамшыбек Өтөбаев — Ата Журт

Описание к видео Шамшыбек Өтөбаев — Ата Журт

"Ата Журт"
Сөзү: А. Осмоновдуку.
Обону: Ш. Өтөбаевдики.
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу бороон уулуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Комментарии

Информация по комментариям в разработке