"САГЫНГАНДА" Сөзү, обону. Ашыраалы Айталиев (Нарындан жазган салам кат)Автордун аткаруусунда.

Описание к видео "САГЫНГАНДА" Сөзү, обону. Ашыраалы Айталиев (Нарындан жазган салам кат)Автордун аткаруусунда.

Жаш элек шайыр шаттанган,
Алыска сапар аттанган.
Кыймылдап поезд баратса,
Кылгырып көздөн жаш тамган.

Бир букет гүлдү сунаарда,
Күйүттүү күнгө капталгам.
Саламат эсен баргын деп,
Узатып калдың вокзалдан.

Толкунун жиреп абаанын,
Учуна жетпей санаанын.
Убара болуп кылчактап,
Артымды улам карадым.

Караган менен көрүнбөйт,
Капкайда калды карааның
Элестейт бирок сүйкүмдүү,
Жароокер жалжал жамалың.

Жөнөдүм Нарын калаага, Ынагым сенсиң садага. Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп,
Жүзүңдөн жаным садага.

Ойлосом болот көңүл шат,
Көрүшсөк деймин кайра бат.
Театр ачып жатканда,
Нарындан жазган салам кат.

Айталиев Ашыраалы (1927-жылы Кант районунда жарык дүйөгө келген) – акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти. Осмонкул, Калык, Алымкул, Ысмайылдан да таалим алган. Филармонияга 1946-ж. кабыл алынып пенсияга чыкканга чейин иштеген. Ал кыргыз-казак адабиятынын тарыхын, ошондой эле дүйнөлүк адабияттан көп окуйт.
Айталиевдин айтуучулуктагы бир өзгөчөлүгү окуяларды орду менен, символикалуу, ошондой эле табияттын адам жазымышы менен бирдигин шайкеш келтирип, төп сүрөттөй билет: “Карагул ботомдун” башталышында жайсыз мезгилге, чапкындуу учурга жараша айлана-чөйрө да жайсыз, суз тартып түнөрүп турса, чал-кемпир Карагулун алып көчүп келаткан тапта табият да алардын кубанычына ортоктош болуп, түрлүү дүйүм жемишин, тунук суусун даярдап, жадырап тосуп алат жана кадрылашат.
Айталиевдин “Карагул ботомунда”:
“Асынып жүргөн бараның, какбаш”,
“Ажалы беле баламын, какбаш!”
деген өңдүү таамай чыккан, ары жеткиликтүү, ары образдуу, күчтүү тизмектер, чебер баяндоолор арбын. Поэма узак, ошого жараша көркөмдүк деңгээли жогору, баштан аяк чыгармачылык эргүү, бир дем менен иштелип, окуялардын ирети, тартиби, жүрүшү өтө билгичтик, абдан изденүүчүлүк менен бар тарабынан жетик иштелген. Айталиевдин “Карагул ботому” анын чоң масштабдуу, болгондо да импровизатор айтуучу-дастанчылык, ырчылык чеберчилигин далилдеген чыгарма. Ал мурда айтып жүрбөсө да, уккан сюжетине салып “Карагул ботомду” Тажибай деген башкарманын өтүнүчү менен кайгылуу обонго келтирип, ошол замат шыдыр баяндап кеткенин эскерет.
Дегеле Айталиевдин күйүттү, кубанычты, ашыктыкты, досчулукту жүрөгү аркылуу туюндура билген. Буга Аксаткын менен Кулмырзанын” дастаны далил. Ал чоң чеберчилик менен жандуу аткарылып, радионун алтын фондуна жазылып алынган. Айталиевдин өнөрүнүн үчүнчү кыры – обончулугу. Айталиевдин “Жылкычы”, “Нарындан кат", “Ак шоокум” жана башка бир катар обондору классикага айланып, кыргыз эле эмес, казак, өзбек өңдүү коңшу элдерге да тарап кетти. Айталиев кээ бир обондорун импровизациялык ыкмада жараткан “Залкарлар арасында” деген (1986-ж) жыйнагы чыккан.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке