Кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы

Описание к видео Кылмыш иликтөө кызматынын тарыхы

Өткөн тарых беттерине көз чаптырсак, 1917-жылдын Октябрь революциясынан кийин Убактылуу Өкмөттүн курамындагы издөө аппараты жоюлуп, 1918-жылдын 5-октябрында РСФСРдын Ички иштер элдик комиссариатынын коллегиясы Советтик кылмыш иликтөө кызматынын Жобосун бекиткен. Анда кылым карыта өмүр сүргөн Кылмыш иликтөө кызматы “кылмыштуу мүнөздөгү кылмыштарды жашыруун түрдө иликтөө жана бандитизмге каршы күрөшүү аркылуу революциялык тартипти коргоо” деп белгиленген.
1918-жылы курамына Кыргызстан да кирген Туркестан АССРи түзүлгөндөн кийин Жети-Суу облусунда кылмыш иликтөө бөлүмү, анын катарында Верненск жана Пишпек кылмыш иликтөө бөлүмчөлөрү түзүлгөн.
Улуу Ата-Мекендик согуштун башталышы менен кылмыш иликтөө аппараттардын астына кылмыштуулуктун мындай жаңы түрлөрү: дезертирдик, талап-тоноочулук, аскер кызматынын милдеттерин өтөөдөн баш тартуу, чагымчыл ушактарды таратуу жана тынчтык мезгилине дал келбеген башка кылмыштар пайда болгон.
Андан соң, Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин, Кыргыз милициясынын Кылмыш иликтөө аппараттары бир топ уюштуруу-түзүмдүк жана штаттык өзгөрүүлөрдү башынан өткөрдү. Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн реформалардын алкагында 2017-жылдын август айында Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын негизинде Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын, Ыкчам талдоо башкармалыгы жана Тез чара көрүү отрядынын биригүү жолу менен Криминалдык милиция кызматы түзүлгөн. Ал эми, 2021-жылдын декабрь айында Криминалдык милиция кызматы жоюлуп, кайрадан Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы болуп өзгөргөн. Заман талабына жараша жүктөлгөн тапшырмалар кеңейип, өзгөрдү. Бирок алдыңкы сапта ар дайым өзгөрүлгүс сапат катары жалпы жана уюшкан кылмыштуулуктун бардык көрүнүштөрү менен аесуз күрөш болуп эсептелет.
1974-жылдан бүгүнкү күнгө чейин мезгилдин ар кандай убактарында Кылмыш иликтөө кызматын бардыгы болуп 27 башчы жетектеп келген.
Ал эми азыркы учурда, 2024-жылдан бери Улан Айтбаев жетектеп келүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Комментарии

Информация по комментариям в разработке