"Эксперттер талдайт": Тирешке себеп болгон протокол

Описание к видео "Эксперттер талдайт": Тирешке себеп болгон протокол

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров соңку күндөрү сурак берүүдө. Прокуратура саясатчыны мындан 12 жыл мурда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу суроолору бар экенин билдирүүдө. Бул маселе өлкөдөгү бийлик менен оппозициянын ортосундагы кайым айтышты күчөттү. Адахан Мадумаров баштаган «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын бир нече мүчөсүнүн суракка чакырылышы жана соңку жагдай саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Өлкөдөгү бийлик оппозиция мамилеси кандай болушу керек? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө талкуулайбыз.

Талкууга «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров, президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев, Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жана саясатчы Бектур Асанов катышат. Түз эфирдеги талкууну "Азаттыктын" социалдык тармактардагы баракчалары жана Некст ТВ каналанын түз эфирде саат 20.00дө көрсөңүз болот.

#Азаттык #Эксперттерталдайт #Кыргызстан

Комментарии

Информация по комментариям в разработке