Кулунду / кыргыз-тажик чекарасында мөндүрдөй жааган ок

Описание к видео Кулунду / кыргыз-тажик чекарасында мөндүрдөй жааган ок

29-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда да Тажикстан менен чектешкен айылдарда түрдүү аскердик куралдардан ок атылды. Бейкапар жаткан #Максат, Интернационал, #Кулунду, #Арка айылдарына жана бир топ башка жерлерге Тажикстан тараптан ок жаап, мындайды күтпөгөн эл жанын сактап калыш үчүн тоону карай качкан. Алардын арасында чиедей балдарын жетелеген аялдар, кары-картаңдар көп болду. Андан ары үч күн бою алар Лейлектин башка айылдарына эвакуацияланды. Чек арадагы айылдар аңырайып бош калып, айрым үйлөр өрттөлүп, үй эмеректери, мал-жандыктары тонолду. Мен 1-май күнү Кулунду айылына барып, акыбалдан кабар алып, Азаттык үчүн мына ушул репортажды даярдадым.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке