Бир ырдын баяны: "Жарты кайык"

Описание к видео Бир ырдын баяны: "Жарты кайык"

Зайырбек Ажыматовдун сөзүнө жазылган Түмөнбай Колдошевдин "Жарты кайык" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#зайырбекажыматов
#түмөнбайколдошев
#жартыкайык

"Жарты кайык"
Оо, тумуш мыйзамыңа каныктырдың,
Жолумду жабык кылдык, жарык кылдың.
Дардаңдап дос, жар күттүм деген менен,
Дагы эле жалгыз бойдон калыптырмын.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Жашоону ким бар дейсиң түшүндүргөн?
Жалгыздык жанга батып үшүп жүрөм.
Жан дүйнөм жылуулукка муктаж болуп,
Мээримди мен өзүңдөн күтүп жүрөм.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Аттиң ай, көңүлдү эзет жан арманым,
Ар дайым мээрим издеп карайладым.
Күнүнө күмүш таптым деген менен,
Көксөгөн жылуулуку таба албадым.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Карытып пайдасы жок ай-жылдарды,
Калдактап кайран өмүр калбырланды.
Каалгыйт айланамда бопбоз туман,
Көк деңиз, жарты кайык алдымдагы.
Багыты жок жарты кайык
Баратам турмуш жүгүн артып алып.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке