КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ОКУГАН МЕКТЕП 50 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАНДЫ

Описание к видео КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ОКУГАН МЕКТЕП 50 ЖЫЛДАН КИЙИН ЖАҢЫЛАНДЫ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев окуган мектеп 50 жылдан кийин толугу менен капиталдык ремонттон өттү. Бүгүн, 2-сентябрь Барпы айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылындагы №6 Т.Темирбаев мектеби жаңылангандан кийин пайдаланууга берилди. Иш-чарага ЖК депутаты Шайырбек Ташиев, Мамкурулуштун директору Нурдан Орунтаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, окуучуларды, мугалимдер жамаатын жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты.
Билим ордо 650 окуучуга ылайыкташып, 3-кабаттуу окуу корпусу, актовый залы, ашканасы, спорттук залы жана өтмө галереясы бар. 1975-Жылдары курулган мектепте Кыргыз эл баатыры Камчыбек Ташиев, ЖК депутаттары Жеңишбек Токторбаев,Шайырбек Ташиев, Айбек Маткеримовдор билим алышкан.
----------------------------------------------------------------------------------------------------------------------
Официальный сайт: https://regiontv.kg
REGION TV @ Instagram   / regiontvkg  
REGION TV @ Facebook   / regiontvkg  
REGION TV @ Одноклассники https://ok.ru/region.kyrgyzstan

Комментарии

Информация по комментариям в разработке