Токтобек Асаналиев - Даткайым (Official Audio)

Описание к видео Токтобек Асаналиев - Даткайым (Official Audio)

Премьера песни
Токтобек Асаналиев - Даткайым (Official Audio)

Слушать / Скачать: https://infinity.ffm.to/datkayim

Follow Toktobek Asanaliev:

Instagram: https://www.instagram.com/toktobek_as...

Facebook: https://www.facebook.com/profile.php?...

Даткайым

Сөзү: элдики
Обону: Дамира Каныметова

Кара бир тоонун боорунан,
Калдайып учуп куш конот.
Кара көз сулуу Даткайым, ай,
Кандай бир жанга туш болот.


Улуу бир тоонун боорунан,
Удургуй учуп куш конот.
Сурма көз сулуу Даткайым, ай,
Буюрган жанга туш болот.


Көк-Тоонун башы көк жалтаң,
Көрбөй бир басып тай кылдым.
Көп гана ойноп, аз күлгөн, ай,
Даткайым, сизден айрылдым.


Ак-Тоонун башы ак жалтаң,
Абайлай баспай тай кылдым.
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай,
Даткайым, сизден айрылдым.


Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай,
Даткайым, сизден айрылдым.
Аз гана ойноп, көп күлгөн, ай,
Даткайым, сизден айрылдым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке