Байдылда Сарногоев “АЯЛ”

Описание к видео Байдылда Сарногоев “АЯЛ”

Окуган: Бегайым Нуридин

Аял, аял

Жалаң жакшы, жаманы жок аялдын,
Жан жыргалы, жароокери адамдын.
Турмуш көркү, дүнүйөнүн туткасы
Үйдүн куту, апакеси балаңдын.

Жаман дебей, жакшы дедим баарысын,
Акыйкаттап айтпай дебе калысын.
Кетирсе да бир ката эмес, миң ката
Кекээрлебей кечирип кой анысын.

Аял, аял..., айтар сөзүм менин миң,
Сенсиз секунд жашай албайт көрүндүм.
Элжиретип эркелетип назыңа
Эркек болбой, таш болсом да эрирмин.

Өлүм парз го, өкүмүнө көнөрмүн,
Кез жеткенде келбес жайга жөнөрмүн.
Ошондо да жайып соңку күчүмдү
Аял сени бир жалт карап өлөрмүн!

Комментарии

Информация по комментариям в разработке