ЭЭ МЕНЕН БАЯНДООЧТУН ОРТОСУНА КОЮЛУУЧУ СЫЗЫКЧА

Описание к видео ЭЭ МЕНЕН БАЯНДООЧТУН ОРТОСУНА КОЮЛУУЧУ СЫЗЫКЧА

Көпчүлүк учурда сүйлөмдүн баяндоочу кыймыл-аракеттерди билдирген этиш сөздөрдөн туруп калат. Бирок бизге буга чейинки сабактардан белгилүү болгондой, сүйлөмдүн баяндоочу атооч сөз түркүмдөрүнөн – зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактоочтордон да болору белгилүү. Мисалы:
1. Билимдүүгө дүйнө жарык.
2. “Сиз” деген – сылык сөз.
3. Түнкү уйкумду бузган ким?
4. Унаанын баасы – 120 миң
Көрүнүп тургандай жана буга чейин билгендей сүйлөмдүн баяндоочу атоочтук сөз түркүмдөрүнөн да болот, т.а., баяндоочтор бир гана эмне кылды? эмне кылат? эмне кылып жатат? деген суроолорго эле эмес, ким? эмне? качан? кандай? канча? деген өңдүү суроолорго жооп болуп түшөт. Жогоруда айтылган атоочтук сөз түркүмдөрү баяндооч болуп түшкөн учурлардын айрымдарында ээ менен баяндоочтун ортосуна сызыкча белгиси коюлат.
1. Эгерде сүйлөмдүн ээси да заттык маанини билдирген сөз, баяндоочу да заттык маанини билдирген сөз болсо, аралары сызыкча белгиси менен ажыратылат.
- Менин өлкөм – Кыргызстан.
- Ысык-Көл – кыргыз бермети
- Атым – Адилет.
- Кыймыл-аракет – бул ден-соолук.
- Энелер – бул ааламды сактап туруучу жалгыз нур.
- Ырыс алды -ынтымак
Биринчи сүйлөмдүн ээси “ өлкөм”, баяндоочу – “Кыргызстан”. Экөөбү тең зат атооч сөз, экөөбү тең атооч жөндөмөсүндө турат жана сүйлөмдүн баяндоочу сүйлөмдүн ээси толуктап, анын маанисин ачып, ойду тактап турат. Кийинки сүйлөмдөрдө да дал ушул эле көрүнүш: Ысык-Көл эмне? Кыргыз бермети. Атым ким? Адилет. Кыймыл-аракет эмне? Кыймыл-аракет – ден соолук. Же эмне ден соолук болуп саналат. Кыймыл-аракет. Энелер ким? Энелер – нур. Сүйлөмдөрдүн баарынын ээси дагы, баяндоочу дагы зат атооч сөз түркүмүнөн болуп, атооч жөндөмөсүндө турушат. Ошондуктан аралары сызыкча белгиси менен ажыратылды.
2. Эгерде сүйлөмдүн ээси ат атооч болуп, баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү зат атооч болсо, араларына сызыкча белгиси коюлат.
- Бул – менин китебим.
- Ал – Ала-Тоонун эркин учкан шумкары.
Бул жерде сүйлөмдүн баяндоочтору атооч жөндөмөсүндө турган зат атооч сөздөр, ал эми баяндоочу болсо атооч жөндөмөсүндө турган ат атоочтор болду. Ошондуктан сызыкча белгиси коюлду.

3. Эгерде сүйлөмдүн баяндоочу атооч жөндөмөсүндөгү ат атоочтор болуп, ээси заттык маанини билдирген сөздөр болсо да, аралары сызыкча белгиси менен ажыратылат.
- Бир жумадан бери бүтүрө албай жаткан ишим – ушул.
- Түнү менен уйку бербей телефон чалган адам – мен.
4. Ошондой эле эгерде сүйлөмдүн ээси да, баяндоочу эсептик сандар болсо, араларына сызыкча белгиси коюлат.
- Жети жерде жети – кырк тогуз.
- Жыйырма төрттүн жарымы – он эки.
Албетте, ээ менен баяндоочтун арасына сызыкча белгисинин коюлушунун дагы башка учурдары да бар, бирок азырынча ушул негизгилерин үйрөнүп алуубуз жетиштүү

СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ:
   • СҮЙЛӨМДҮН АНЫКТООЧУ  
__________________________________________________
СҮЙЛӨМДҮН ЭЭСИ
   • Сүйлөмдүн ээси  
______________________________________________________
Мыкты презентация жасоо, анын оптималдуу жолдору тууралуу видеосабактар:
https://www.youtube.com/watch?v=cR777...
________________________________________________________
Кыргыз тилинин башка сабактарынын видеотизмеги:
https://www.youtube.com/watch?v=IBp-Y...
________________________________________________________
Аналогиялар, окуп-түшүнүү тууралуу сабактардын тизмеги:
https://www.youtube.com/watch?v=6-vCs...
________________________________________________________
Сүйлөм мүчөлөрү
   • Сүйлөм мүчөлөрү  
_________________________________________________________
Сүйлөмдүн баяндоочу
   • Сүйлөмдүн баяндоочу  
__________________________________________________________
#кыргызтили #сызыкча #ЖРТ

Комментарии

Информация по комментариям в разработке