Ausbildung / 6 жумалык теориялык блок кандай өттү / менин окуу жайым

Описание к видео Ausbildung / 6 жумалык теориялык блок кандай өттү / менин окуу жайым

«АР БИР КЕСИП АРДАКТУУ»
демекчи бул видео менен, Германияда кандай кесипке окуп жатканымды силер менен бөлүшө кетейин дедим. Ушул жылдын сентябрь айынан тартып, Anlagenmechaniker (механик сооружений) адистигинин, Rohrsystemtechnik (технология трубопроводной системы) багыты боюнча Ausbildung баштадым.

Албетте, баштоодон мурун, көптөгөн кызыктуу варианттарды карап, изилдеп, көп ойлонуп жүрдүм. Кайсы кесипке окусам болот? Кайсы кесипке шыгым бар жана кайсы кесип ыңгайлуу? Кайсы кесиптен көбүрөөк пайда табам?- деп.

Акырында, Anlagenmechaniker адистигин тандадым, себеби, буга чейин Кыргызстандан, ушуга окшош болгон “Газ, жылуулук менен камсыздандыруу жана желдетүү” адистиги боюнча ЖОЖдо билим алгам. Андан соң 3,5 жыл өз кесибим менен, борбор калабыз Бишкек шаарында, газ түтүктөрүн куруу боюнча, курулуш компанияларынын биринде эмгектенгем.
Өзүмдүн кесибимди улантып, дагы көбүрөөк тажрыйба топтоону туура көрдүм.

Кыргызстанда иштеп жүргөндө, кыштын суугунда жылуу-жумшак, ал эми, жайдын ысыгында салкын кеңседе бөлүмдүн улук адиси болуп, компьтердин алдында отуруп алып, проект чийип, актыларды толтуруп, курулуш иштерине көзөмөл салып эле иштегенмин. Бул жактан баардыгы 180 градуска өзгөрдү😅. Аба ырайынын ысык-суугуна карабастан, ачык асман алдында, курулуш иштерине аралашып, өз колум менен түтүк (труба) кесип иштеп жүрөм.

Бул кесипти кайрадан окуп жатканыма өкүнбөйм, анткени, бул кесипти аяктаган соң, Кыргызстандан бүткөн дипломумду бул жактан таанытып алсам, кудайым буюрса 🤲🏻 өсүүгө (карьерный рост) жакшы мүмкүнчүлүктөр бар экен.

Ошондуктан, адам өзү кызыккан, өзү жакшы көргөн ишин кылса, баардык нерсе кыйынчылыгына карабай жеңил келет экен.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке