Ифк окуясы

Описание к видео Ифк окуясы

Хижраттын бешинчи жылы болчу. Бану Уста согушуна Пайгамбарыбыз сав сахабалары менен чыгаарда сүннөтү катары өзү менен кошо жубайларынан бирин ала бармак. Чүчү кулактын жыйынтыгы менен бул жолкусунда жанына Аз. Айшан (р.а.) энебизди кошуп алды. Ээн талаа, эрме чөл, азаптуу жол. Демейде Ислам ордосу дараат алуудан кыйналбоо үчүн суусу бар жерлерге токтоп, эс алышаар эле. Бирок мунусунда сахабалар аябай чарчагандыгынан улам Пайгамбарыбыз сав сахабаларына суусу жок болсо да бир жерге токтоп, түнөөнү буйруду. Ошентип түнөккө ылаайыктуу бир жерге токтолушкан болчу. Бирок багымдатты окуу үчүн суусу бар жерге жетип баралы деген ниет менен эртерээк турушмак. Тилекке каршы ошол убакта Айша энебиз мойнундагы шурусун жоготуп ийет. Ал шурунун Айша энебиздин жашоосунда өзгөчө орду болгон. Аны Айша энебизге апасы Умму Айман үлпөт тойунун белеги катары берген эле.
Мындай таберикти жоготуп алгандыгы үчүн энебиз кыжалат ойго кабылып, аябай издейт. Аскердик кошуун болсо жолго чыгуусу керек. Бирок баары Айша энебизди гана күтүп турушат. Пайгамбарыбыз сав да унчукпастан күтүп турду. Ошол учурда кошуундун ичиндеги мунафыктар “Расулуллах бир аялынын калоосу үчүн ошончо адамды күттүрүп жатат!” деген сөздөрдү чыгарууга жетишишти.
Бул сөздөр Аллах Элчисинин кулагына жетип барса да унчукпады. Ал Айшасынын шурусун таап алуусун күтүп жатты. Аскердик ордо план боюнча таңкы намаздын убактысы киргенге чейин чыгып кетишмек эле. Бирок мончок маселесинен улам багымдат кирсе да чыга алышкан жок. Ошондо аргасы түгөнгөн Айша энебиздин Аз. Абу Бакр (р.а.): “Эй кызым! Ошончо адам сени күтүп турат. Жоголсо жоголуптур да бир шуру...” деди, бирок пайдасы болбоду.
Ар бир иштин бир хикматы, сыры, акылмандуулугу бар эмеспи? Бул окуяда да акылмандуулук бар эле. Жоголгон мончок табылды, бирок адамдар даарат алып намаз окуусу кере кэле. Дал ошол кезде Пайгамбарыбыз (с.а.в.)га Аллах тараптан таямум алуу боюнча Ниса сүрөсүнүн 43-аяты түшүрүлдү. Аяттын таямумга тиешелүү жери ушундай болчу:
“...(даарат алганга) суу таппай калсаңар таза жер кыртышына таяммум кылып (алаканыңарды уруп) бетиңерди жана колуңарды сылагыла.”
Ниса сүрөсү 43-аят
Бул уруксатка баары кубанышкан эле. Демек мончоктун жоголуусунун сыры ушул жакта жаткан. Сахабалар маселенин хикматын түшүнүшкөндөн кийин Аз.Абу Бакрга “Силер эмне деген үй бүлөсүңөр? Ар тарабыңар бир жакшылык. Мына азыр да дагы бир жакшылыкка себеп болдуңар!” деп алкашат. Ифк окуясындагы мончок маселеси мына ошол жерден башталат. Бирок токтоп калган жок.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке