Депутаттар интернетте терс пикир жазгандарды жоопко тартуу мыйзамын колдойбу?

Описание к видео Депутаттар интернетте терс пикир жазгандарды жоопко тартуу мыйзамын колдойбу?

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети интернет же ЖМК аркылуу кимдир бирөөнү кемсинткен, жала жапканы үчүн айып пул салууну караштырган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун өкмөт демилгелеген. Ага ылайык жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу бир адамды кемсинткен, сөккөн же атайылап жалаа жапкан адамдарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып пул каралган.

Айып салуу укугу Маданият министрлигине тапшырылат. Бул тууралуу Борбордук телеканалы депутаттардын пикирин сурап көрдү.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке