Франц Кафка | Кубулуу | новелла | аудио китеп

Описание к видео Франц Кафка | Кубулуу | новелла | аудио китеп

«Эгер аны музыка ушунчалык толкундатса, анда аны жаныбар дешке болобу?»
Франц Кафканын өлгөнүнө кечээ туура 100 жыл болду. Чыгармаларын немисче жазган прагалык жөөт жазуучу 40 жылга жетип жетпеген өмүрүндө дүйнөлүк адабиятка чоң өзгөрүш жасап кеткен. Анын абсудрга, караңгылыкка, адамдын жеке өзүнөн күнөө издеген сюрреалисттик сүрөттөмөлөргө, экзистенциялык суроолорго толо чыгармалары өзү өлгөн соң кеңири атак-даңкка ээ болду. Өз үй-бүлөсүнүн түйшүгүн көтөрөм деп, өзүн унутуп койгон Грегор Замза “кокустан бир күн ойгонсо, коркунучтуу бир жандыкка айланып калыптыр...”
XX-кылымдын адабиятына аябагандай чоң таасир калтырган, анын эң мыкты авторлорунун бири Кафка өзүнүн «Die Verwandlung» («Кубулуу») деген бул новелласында эмне ойду айткысы келди?
Аны кыргызстандык жазуучу Мусакун Сатыбалдиевдин котормосунда окуп чыктым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке