"Гепатит адам тандабайт, ВИЧтей эле оор илдет" | "Сергек жашоо" подкасты

Описание к видео "Гепатит адам тандабайт, ВИЧтей эле оор илдет" | "Сергек жашоо" подкасты

Биз бүгүн көпчүлүк мекендештерибизди кыйнаган гепатит дарты тууралуу сүйлөшөбүз. Медицинада “мээримдүү жаналгыч” деген атка конгон сарыктын оор түрлөрү кантип жугат? Бул дарттын жайылып кетишине эмне себеп болууда? Гепатитти алып жүргөн бейтап кандай эрежелерди эске алышы керек? Дартка чалдыгып, боорун алмаштырууга муктаж болгон бейтаптар кандай кыйынчылыктарга кабылат? Биздин бүгүнкү конокторубуз: дарыгер гепатолог, Дилшад Мамаджанов, "Гепатит менен күрөшүү" коомдук бирикмесинин жетекчисинин орун басары Анипа Надирова, гепатит илдетинин айынан жакында эле боорун Индиядан алмаштырып келген замандашыбыз Мубара Шерматова.
0:00 Башталышы
2:16 Кыргызстанда гепатитке байланыштуу абал кандай?
3:22 “Боорум цирроз болгонго чейин гепатитке чалдыкканымды билген эмесмин”. Мубаранын окуясы
4:57 Гепатиттин B жана D түрлөрүнө чалдыккан бейтаптарды дарылоо
9:42 “Гепатитке каршы дары-дармек тартыш”
11:19 “Боорду алмаштыргандан кийин эки жумада бир анализ тапшырышыбыз керек. Анализдин баасы кымбат экен”.
12:02 “Гепатолог дарыгерлер жетишсиз”
13:18 “Боорду алмаштыруу бир баскыч. Эң оору – калыбына келтирүү”
14:35 "Гепатит адам тандабайт, ВИЧтей эле оор илдет"
15:54 “Гепатит жугузуп алгандар алты айга чейин билбей жүрө берет”
16:38 Гепатитке каршы түшүндүрүү иштери өлкөдө кандай жүрүп жатат?
18:57 “Гепатит башкаларга жукпасын деп белизна колдоном. Ал туурабы же туура эмеспи билбейм”
20:00 Гепатиттин жугуу жолдору
23:18 Гепатит вирусун кантип өлтүрсө болот?
24:40 “Дартка чалдыкканымды кош бойлуу кезимде билдим”
25:53 “Гепатит жуктургандардын басымдуу бөлүгү аялдар. Аялдарда гепатит жугуу тобокелчилиги жогору”.
30:01 “Анализдин жыйынтыгынан төрт үй-бүлө ажырашты”
31:45 “Гепатит жуктурбоонун жалгыз жолу – вакцина алуу”
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id15214...
Android https://play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram -   / ​  
  / ​  
Фейсбук -   / azattyk.org​  
  / azattyk​  
Ютуб -    / @azattykradiosu  
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке