Жаңылыктар | 20.12.2024 | Украинага жапырт чабуул, Европарламенттин Султанбековду бошотуу талабы

Описание к видео Жаңылыктар | 20.12.2024 | Украинага жапырт чабуул, Европарламенттин Султанбековду бошотуу талабы

Орус армиясы Украинанын аймагына кайрадан жапырт ракеталык сокку урду. Москва муну "украин армиясынын Батыштын куралы менен орусиялык объектилерге жасаган чабуулдарына жооп" деп атады.

Бишкекте Үчүнчү элдик курултай башталды. Анда делегаттар аймактардагы социалдык көйгөйлөргө басым жасап, таза суу, трансформация иштери, саламаттык сактоо, жол сыяктуу көйгөйлөрдү көтөрүүдө.

Европарламент Кыргызстанда адам укуктарынын абалына тынчсызданып, өлкө демократия жолунан тайганын белгиледи. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламенттин резолюциясын өлкөнүн сот жана тартип коргоо органдарына "кысым көрсөтүү аракети" деп сыпаттады.
0:00 Анонс:
1:14 Украинага жапырт ракеталык чабуул жасалды
5:08 Генералдын өлүмүнө шектүү жаран эки айга камалды
6:41 Курултайда кандай көйгөйлөр айтылды?
12:40 Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарына кабатыр
18:15 Кыз ала качкандар кармалды
19:29 Чек ара боюнча документтер даярдалуууда
20:47 Асыл тукум койлор эмнеге кымбат?
“Данисте” берүүсүнүн асыл тукум мал чарбалар тууралуу чыгарылышын 21-декабрда саат 20:00дө УТРКдан көрсөңүз болот. Программа ошондой эле “Азаттыктын” сайтына жана соцтармактагы баракчаларына 23-декабрда жайгаштырылат.
24:28 Аягы
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке