Азаттык: Кечки радио эфир | 24.08.2024

Описание к видео Азаттык: Кечки радио эфир | 24.08.2024

Улуттук банктын төрагасы болуп эки ай мурун дайындалган Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыяланды. Анын эки орун басары кызматтан бошотулду.

Расмий маалыматта президент Садыр Жапаровдун мындай чечими аргасыз чара экени белгиленген.

"Акча-кредит саясаты чөйрөсүндөгү жетишсиз иштер валюта курсунун туруксуздугуна алып келди, бул болсо экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизип, жарандардын жана ишкерлердин бакубаттуулугун начарлатты. Экономикага таасир тийгизген терс факторлор бизнес, финансы рыноктору, калк жана инвесторлор тарабынан ишенимди жоготуу коркунучун жаратты. Кырдаалды талдоонун жана анын кесепеттерине баа берүүнүн жыйынтыгында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Манас Жакыповду ишеним жоготкондугуна байланыштуу кызматынан бошотуу чечими кабыл алынды" - деп жазылган президенттин сайтындагы маалыматта. Кененирээк: https://www.azattyk.org/a/33090962.html

_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке