Ким көп сөз окуйт оюну.

Описание к видео Ким көп сөз окуйт оюну.

Окуучулардын сабакка болгон кызыгууларын курчутуу максатында. Ара-торо ким көп сөз окуу боюнча рекорд коёт же коюлган рекордду ким жаңылайт деп ойноп турсаңыздар болот. Бул оюнду ойноо менен окуучу калп айтпоого, күжүрмөн, жигердүү болууга үйрөнөт. Эң негизгиси китеп окугусу келбеген балдар китеп окууга жан-дуйнөсү менен кызыга баштайт. (Эртеңки өтүлүүчү теманын атын айтып ошол тема боюнча үй тапшырмасын сурап бүткөндөн кийин буга чейин коюлган рекордду жаңылбайбыз деп койсоңуздар баары жаңы теманы өздөрү билбей туруп алдын ала окуп даяр болуп келишет. Бул ыкманы колдонуп жаңы теманы жеткиликтүү, кеңири түшүндүрө аласыздар). Урматым менен Бийик Рыскулов. #Бийик #агай #Бийикрыскулов #мугалим #география #инстамугалим #экология #55мектеп #Жашылшаар

Комментарии

Информация по комментариям в разработке