Ысык-Көлдүн тургуну атасын куткарууга барып, бир өлүмдөн калды

Описание к видео Ысык-Көлдүн тургуну атасын куткарууга барып, бир өлүмдөн калды

18-августка караган түнү эртең менен саат 06:00дө суу көтөрүлгөн.

Григорьевка айылынын 39 жаштагы тургуну Нурдин Жыргалбаев атасын куткарууга барып, унаасы менен сууга агып кете жаздаган

Атасы Жыргалбай Күчүкбаев (1947-жылы туулган) Григорьевка капчгыгайындагы боз үйдө калган.

Боз үйдүн тегерегин да суу каптап, Н.Жыргалбаев таң атпай атасын куткарууга бет алган. Агып жаткан суудан өтөм деп, унаасы да кошо ага баштаган.

Инилери келип, аны ат менен унаадан чыгарып, өмүрүн сактап калышкан. Ал чыккандан кийин унаасы агып кеткен.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке