Лира Севен - Жүрөк сыры / Lira Seven - Jurok siri

Описание к видео Лира Севен - Жүрөк сыры / Lira Seven - Jurok siri

e-mail: [email protected]
  / liraseven  
https://www.youtube.com/channel/UCwin...

"Жүрөк сыры" - аткаруучу Лира Севен (Lira Seven).

Обону, сөзү: Урманбетов Догдурбай Yсөнович (Urmanbetov Dogdurbai Ysonovich).

Бирге жүрүп кетип калдың уурданып,
Билген жоксуң калганымды ууланып.
Түгөйүнөн түк ажырап калганга,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Жайлоо гүлүн терип жүрүп кубанып,
Кеттиң жаным, келдим өңүм кубарып.
Жыттап алып ошол түркүн гүлдөрдү,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Чырак сындуу жанып турсаң, нурданып,
Жыргаар элем өңдөрүмө нур тамып.
Андагы нур, ал кездеги күлкүң жок,
Жүрөк ыйлап, жүрөк сыздайт муңканып.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке