Москвада мигранттарга англисче үйрөткөн Ак Мөөр

Описание к видео Москвада мигранттарга англисче үйрөткөн Ак Мөөр

57 жаштагы Ак Мөөр Кошалиева жазуучу Мукай Элебаевдин небересине турмушка чыккан экен. Жолдошу Ишен Элебаев каза болуп калгандан кийин Москвага жөнөп кеткен. Андан бери 10 жылдай убакыт өттү. Ал учурда Москвадагы мектептердин биринде англис тилинен сабак берет. Иштен кийинки убакытта, көбүнчө эс алуу күндөрү мигранттардын үйүнө барып, англис тилине үйрөтүп кайтат. Анын келечекте АКШга барып келүү ниети бар.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады. Чет жердеги журтташтар! Маңдай жарган ийгилигиңиз же жүрөк өйүгөн көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.

#MigrantMediaCentralAsia _____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке