Замир каары Ракиев: Куран — тирүү адамдардын мыйзамы | Заман подкаст

Описание к видео Замир каары Ракиев: Куран — тирүү адамдардын мыйзамы | Заман подкаст

Ассалому алейкум, урматтуу биздин көрүүчүлөр! Бүгүн бизде конокто Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрөгасы, экс муфтий - Замир кары Ракиев.

Бул чыгарылышта устаз менен кереметтүү Куран жөнүндө сөз кылабыз, андыктан экранга жакын отуруңуз, биз баштадык!

Куран бүткүл илимдердин негизин өз ичине камтыган, сырлары, ачылыштары түгөнбөгөн адам таң калаарлык кереметтүү китеп.

Куран исламдын жаркырыган күнү, пайдубалы. Куран Алла Тааланын, адамзаттын материалдык, моралдык бүткүл муктаждыктарын канаттандыраарлык абалда түшүргөн берекелүү кемтиксиз ыйык китеби. Ал жер менен асмандын Жаратуучусунун кайрылуусу он сегиз миң ааламдын ээсинин буйуругу, бүткүл бар болгон нерселердин кудайы болгон Алла Тааланын улуу сөзү.

Аллахтын бизге түшүргөн ыйык "мужизасы" жөнүндө билүү үчүн подкастты соңуна чейин көрүңүз.

Сиздерге бул тасма жагарына жана сиздер үчүн пайдалуу болоруна ишенебиз. Эгер сизге пайдалуу болсо, башкалар менен бөлүшүп, ой - пикир калтырып кетүүнү унутпаңыз.

Сиздерди терең урматтоо менен подкасттын алып баруучусу Денис Пышкин жана Нурсултан Майназаров болду.

Подкасттын негизги өнөктөшү, Нурзаман курулуш компаниясына терең ыраазычылык билдиребиз @nurzaman_bishkek

Даамдуу достор: @dodopizzakg
Локация: @dogtas.kg

Комментарии

Информация по комментариям в разработке