Кара дубанын туткуну 1-бөлүм/Аудио китеп/Болгон окуя.

Описание к видео Кара дубанын туткуну 1-бөлүм/Аудио китеп/Болгон окуя.

Апам бала кезинен тирүү жетим калат.Тайэненин колунда чоңойуп атып, ал да каза болгондон кийин..өз энесине өгөй атаныкына барат.Жумушка бышып, өйдө карап сүйлөй албаган жумшак болуп чоңоёт. Бой жеткенде көп жерден Куда келет.Бирок өз айылына байыраак, шаарбап жигитке турмушка беришет.(Атама)
Жашап жүргөндө абысындуу болот.
Өзү кенже бала болсо да чоңойгон үйүн карап, оңдоп түзөбөдү деп, үйдү чоң баласынын баласына берет.(Баягы абысыны жашайт)
Апам жоош, байоо, оор басырыктуу ыңгайлуу аял болгондуктан "үй талашуу"-дегенди ойлогон да эмес.Атамдын жумушу менен шаарларда жүрүп, балдар көбөйүп, чоңоюп калганда айыла келет.Атасы чоң коргонунун төмөн жагынан жер берет.Үйгө колунан келген салымын кошот.Жарым жартылай бүткөн үйдө жашап жатканда апам көп ооруйт.
Мен ошондо 7 жаштагы бала болсом да көп нерсени азыркыдай эстейм.Апамдын күлүп, кубанычтан жаркылдаганын.Атам экөөнүн бактылуу жүргөнүн элестете албайм.Жумуш кылчу .Анан ооручу. Ар дайым башы ооруп күнү түнү уктачу эмес.Июлда жүн байпак, жүн жемпир кийчү. Эч кимди көргүсү келчү эмес.Үйдө эле мештин жанында ыйлап, отура берчү.Кеч киргенде эле жүрөгү кысылып баштачу.
Айтор уйкунун азабын көп тартты.
Ооруканага жатып чыга берет.Бирок оорунун себеби  табылган жок.Акыры доктурлар "уктабаса  демек психбольницага" жаткырыш керек деп айтышат.
Күндүзү бир аз соо кишидей жумуш кыла кетчү эле.Ээрчишип сарымсак казып жүрсөк..бир чоң шектүү зат экен.
Казып алып карасак 30-40 см.дей темирге, теңдеш жыгач - 7 жеринен түйүлген ар түрдүү жиптер менен чырмап көмүп коюптур.Кызыктай заттарды көп тапчу элек.Бирок эмне кыларыбызды билбей..короодон сыртка көчөгө чыгарып койчубуз.Шектүү нерсени да, кыйшык өскөн өрүктүн түбүнө, чопкө ыргытып койдук.Ошол күнү түнү менен апам уктабай, ооруп басып чыкты.Таң атпай..экөөбүз барып тигини издеп таптык.Чечип карасак, темири дат басып, жыгач чирип аткан экен.Сыртка чыгарып салдык.Андайды далай көрдүм.
Жаңы эгилген, бириңдеп желбиреп өсүп турган сабиздин арасына 3 жерге кан сыяктуу затты жаңы ээле төгүптүр.Бирок сабиздерди кууратып, күйгүзүп коюптур.
А башка жылы жерге эгилген сабиздин жашыраак маалында белине коп түйүнү бар узун жип байлап койгон экен.Сабиз чоңоюп, байлам ортосунда калып сабиз 8 ге окшоп калыптыр."Муну кара"- деп сүйүнүп атып сындырып алсак ичинде оролгон жип жүрөт.
Эң эле аянычтуусу орулуп, боолонгон чөптүн түбүнө күчүк менен мышыктын башын коюп кетиптир.Анын ким эмне үчүн жасап атканын билчү элек.Анткени ал кишилерди түнү себепсиз эле биздин "территорияда" жүргөнүн байкап калганыбыз.Бирок бет келгенде сыпайы саламдашып, туугандык мамилебиз бар үчүн айта алган эмеспиз.
Андан кийин дагы жагымсыз көрүнүштөр болду.Анын баарын айтсам : кээ бир турмушунда андай жашоону көрбөгөн адамдар ишенбей, мени фантазёр деп ойлошуңар мүмкүн.Бирок ар бир табылган, табылбаган заттардын эпкининен улам.Биздин үйдө ден-соолук,
тынчтык,
бактылуулук,
ынтымак,
ырашкерлик,
бейпилдик,
той-майрам,
киреше бизден бир кадам алыстап калганын байкачубуз.Жана мунун баары бизге жакын.. бирок кол  жеткизтей туюлчу.

Бир күн апам семичка бышкан учурда, трактор төгүп кеткен үймөктөлгөн көк семичкенин үстүндө эс-учун билбей жатып калды.Баарыбыз кейип турдук. Бирок колубуздан эч нерсе келбей..ойгонушун күттүк. Канча убакыт өттү билбейм.Апам өзүнө келип, аң-сезиминде болгон түш сыяктуу көрүнүштү айтып берди.Түшүндө чоң сууга агып баратып, шаркыратмадан түшүп кетиптир.
Ооруканадан сакайбай, өңү - түстөн кетип жүргөн учурда апам атама бир нерсе табыштап жатканын угуп калдым."Мен эми адам болбойт окшойм, мага бир нерсе болсо бул сандыктагы семичкени сатып кереке жарат.Балдарды жакшы кара."
Бала болсом да ошол майекти түшүнгөн экенмин.Ары барып,
"Ээй кудай!
Эмнеге жаман адамдар көп.?
Неге баары биздей ак көңүл эмес?
Эмнеге бизди жаман көрүшөт?
Бизди жазалагысы келгендерди эмнеге сен көрбөй атасың?
Апам 5 маал намаз окуганда суранып, жалынып атат ко.
Апам ..."Кудайдан суран балдардын тилегин бат берет"-дечү эле.
Бизди өзүң куткарчы! Бизге өзүң жардам бер!- деп ыйлап алдым.

Ошентип жүргөндө Кудай жеткирип, алыстан тууганыбыз келип калат.
Апамдын көрүп, боору ооруп Өзбекстанга алып кетет. Ал жерде жүрсө кошунасынын жаш баласы каза таап, апамды батага ала барат.Өлгөн баланын апасы айтып жатыптыр.Балама сыгылып,  уктабай жинди болуп кетейин дедим.Намангандагы бир молдо мени сакайтты"- деп сүйлөп бериптир.Үйгө келип тууганыбыз апама "ошол молдого сизди да алып барып келем"-  дептир. Ошентип издеп барышат.
Молдо дем салып бүтүп..аялына карап..
Эжеде күчтүү кара дуба бар.
Жедирилген
Өлүмгө окутулган
Көп балалуу экен.
Балдары жаш экен.Жетим калбасын тарелкага дуба жазып бер"- дейт.
Чыныгы илимдүү молдо экен. Ак табака арабча сүрө жазып берет.Аны суу куюп, эзип ичет.
Ошентип бергени акчасы жок, бир күн жөө, бир күн дамаста 12 жолу барып келет.Кээде оорусу күчөп, ишеничи тарап, жашоого үмүтү үзүлүп, жата калып кайра басып кетип бушайман болуп ыйлайт.Түшүнгөн кишилер жакшы сөзүн айтышса, кээ бир келиндери "жалган оору", "жалган деп шылдыңдашат.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке