Бир атанын кабыл болгон дубасы-Саид бин Зайд (р.а)

Описание к видео Бир атанын кабыл болгон дубасы-Саид бин Зайд (р.а)

Пайгамбарлык келээрден бир канча жыл мурун, Зайд бин Амр аттуу бир киши, караңгылык доорунун эң караңгы учурунда Пайгамбарлыктын нурун издеп Меккеден, Басра жана Шам тараптарга жолго чыгат. Издейт, бирок таппайт. Бул чөлкөмдөрдө ага кез келген яхуди жана христиан аалымдары “Сен туура адамды, туура эмес жерде издеп жатасың!” дешип, ал зат Фаран тоолору жактарда б.а. Мекке тараптарда келээрин айтышат. Анткени аларга келген китептерде ошондой баяндалган болчу.
Зайд бин Амр “Демек биз жактан чыгат турбайбы..”деп сүйүнүп, кайрадан өз мекенине жол тартат. Жолдор ары катаал, ары татаал болчу. Алдуунун алсызга кыр көрсөткөн, биринин укугун бири тепселеген, мыйзам жана тартипти тааныбаган бир учур эле. Андыктан каракчылар каалагандай ат чуркатып, көксөгөн ишин каалагандай калчап калышкан. Зайд бин Амр да Меккеге кайтаарда жузам уруусунун каракчыларына туш болуп, акыйкат издөөнүн жолунда шейит кетет. Өлөөр алдында кол жайып, “Аллахым, сенин акыркы Пайгамбарыңа мен жете албадым. Сенден суранам, уулум Саидди ошол күндөргө жеткирип, акыркы Пайгамбарыңдын жанында жүргөн жакын адамдарынан кыла көр!”деп дуба кылат. Жылдар өтүп, бул атанын дубасы кабыл болуп, Зайдын уулу Саид-алгачкы мусулмандардын жана бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабалардын катарынан орун алат. Андыктан сүйүктүү көрөөрмандар, “Ашерейи Мубашара” б.а. Бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба аттуу чыгарылышыбыздын кезектеги каарманы-Саид бин Зайд.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке