Элеттен чыккан ээр уста | Нарын | Өнүгүүгө карай

Описание к видео Элеттен чыккан ээр уста | Нарын | Өнүгүүгө карай

Колуңдан келген ишти максаттуу түрдө пайдаланып, киреше булагына айлантса болот. Ал үчүн албетте, талыкпаган аракет менен изденүү керек. Бул коомдо кол куушуруп отуруп алуу жалкоолуктун жеткен чеги экенин эл да түшүнүп, өлкөнүн булуң-бурчунан, айрыкча элет жеринен колунан көөрү төгүлгөн усталар, жасаган эмгегинин кооздугу көздүн жоосун алган кол өнөрчүлөр, элинин жашоосун жакшыртканга өбөлгө болгон ишкерлер суурулуп чыгып, өнүгүүгө карай чоң кадамдарды ташташууда. Мына ушул багытка бет алган, элеттен чыккан ээр устасы Тургунбек Көккөзов эч шарты жок эле, айылдагы бош калган бир үйдүн ичин чакан устаканага айлантып, ал жерден ээрдин түрүн жасоодо. Тургунбек мырзага мыкты ээр жасоо үчүн анчейин деле атайын жабдыктын кереги жок. Колунда "Керки" менен "Сүргү" болсо эле, анын ойлогон ээри бир айга жетпей даяр болот. Устанын таланты туубаса. Анткени ага эч ким үйрөткөн эмес. Ээрден тышкары ат жабдыктарынын баарын жасай алат. Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында жашап, келечекте чоң устакана ачсам деп максат кылган каарманыбыз менен аймактык кабарчыбыз Алишер Аскарбеков маек куруп келди.

#КТРК

Комментарии

Информация по комментариям в разработке