Суранам кетпесеңиз - Саламат Садыкова

Описание к видео Суранам кетпесеңиз - Саламат Садыкова

сөзү: Абдрашит Урбаев
обону: Эген Талипов

Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жүрөктө сезимдерди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Кайырма:
Жүрөгүм, ичим тыз-тыз,
Сезимди ойготтуңуз.
Суранам, өчүрбөстөн ошол отту,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.
Сүйлөңүз, ширин экен сөздөрүңүз,
Тиктеңиз, назик экен көздөрүңүз.
Суктанып жүзүңүзгө тигилейин,
Айтылсын жүрөктөгү,
Айтылсын жүрөктөгү сөздөрүңүз.
Кайырма:
Суранам, кетпесеңиз, ичим тыз-тыз,
Жактыңыз махабаттын отун укмуш.
Жылынып ошол оттун илебине,
Жанымда дагы бир аз,
Жанымда дагы бир аз отуруңуз.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке