Бакытбек Марипов: "Жаштардын эс алуусун да эске алуу керек"

Описание к видео Бакытбек Марипов: "Жаштардын эс алуусун да эске алуу керек"

«Тынчтык жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Мыйзам долбоору тынчтыкты жана эс алуу убактысын камсыз кылуу боюнча төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт, анын ичинде: ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу; тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик; жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол берилбей турган убакыт мерчемдери.

Депутат Бакытбек Марипов жаштардын эс алуусун эске алып, аталган мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн убакытты бир саатка жылдыруу сунушун берди.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке