Бишкектин көчөлөрүн беш колундай билген орусиялык Стас

Описание к видео Бишкектин көчөлөрүн беш колундай билген орусиялык Стас

Стас Бишкекке Орусиянын чакан шаарларынын биринен көчүп келген. Аны мындай кескин кадамга Орусиянын Украинага согуш ачканы түрткөн. Стас 34 жашта жана ал аскерге барууга милдеттүү. Ошол себептен 2022-жылы 21-сентябрда Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыяланганда дароо мекенинен чыгып кеткен. Бир жылдан бери Стас Бишкекте курьер болуп иштейт. Күнүгө ондогон чакырым жүрүп, тапкан акчасына ыраазы экенин айтат.

Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады

Чет жердеги журтташтар! Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.

Эскертүү: Орусияда жашаган жана «Эркин Европа / Азаттык» радиосуна комментарий берген адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында алардын тек-жайын ачык жарыялабайбыз жана жүзүн көрсөтпөйбүз.

#MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________

ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке