Суран Садыбакасов - Зарыкканда (Чоочун киши) ТЕКСТ

Описание к видео Суран Садыбакасов - Зарыкканда (Чоочун киши) ТЕКСТ

🎵Суран Садыбакасов - Зарыкканда

ТЕКСТ✍️:

Ажарыңа арбалып,
Дидарыңа зарланып.
Муңканып ыр ырдадым,
Булбул кушка айланып.
Кыйноо салган кылыгың,
Кызгалдактай буралып.
Күн кечке созом обон,
Күкүк болуп үн салып.
Үн салып эй, үн салып ой, үн салып.

Айыбы жок жаралган,
Ажайып көркөмүңө.
Ашыгып ыр арнадым,
Асыл кечим өзүңө.
Өчпөс болуп жанасың,
Өрт сымал жүрөгүмдө.
Өзүң гана болсоң дейм,
Өмүрлөшүм өмүрдө.
Өмүрдө эй, өмүрдө ой, өмүрдө.


Миң сулуунун ичинен,
Бир өзүңдү каалаймын,
Туткуну болдум эркем,
Тушалган бул жагдайдын.
Бир өзүңдү ойлоймун,
Бир өзүңдү самаймын.
Тагдырга башымды ийип,
Тарттым сен деп убайым.
Убайым эй, убайым ой, убайым.

Алдыман чыга калсаң,
Ай сымал түндө жаркып,
Арзуум күчөп ан сайын,
Алоолоп сага тартып.
Күлмүңдөп чыга келсен,
Күндөй жаркып таңдагы.
Суусатат бүткөн боюң,
Сулуулугуң андагы.
Андагы эй, андагы ой, андагы.
Андагы эй, андагы ой. андагы.


Карааныңа зар болуп,
Кайгырсам, кубансам да.
Мен жалгыз өзүңдү эңсейм,
Келсе деп кучагыма.
Сагынтасың күн сайын,
Саргайтып сарсанаага.
Арманга тумчуктурбай,
Алганым болчу жанымда.

Жанымда эй, жанымда ой, жанымда.
Жанымда эй, жанымда ой, жанымда.

Tags:
Зарыкканда
Зарыккандатекст
Чоочункиши
Чоочункишиыр

#зарыкканда #чоочункиши #сурансадыбакасов
#зарыккандатекст

Эскертуу‼️:
Биздин жалгыз гана максат - жагымдуу музыкалардын тексттерин сиздер менен болушуу. Эгерде видео боюнча кайрылуу, суроонуздар болсо томонку эмейл адреске байланышыныздар 👇
contact: [email protected]

Комментарии

Информация по комментариям в разработке