Талас (Атлах) согушу, 751-жыл

Описание к видео Талас (Атлах) согушу, 751-жыл

Мындан так 1270 жыл мурда бир гана келечектеги Кыргызстандын эмес, бүткүл Орто Азиянын тагдырын чечкен улуу салгылашуу дал ушул биздин мекенибиздин аймагында өткөнүн билесизби? Ооба адамзат тарыхында 14 000 согуш болсо, ошонун ичинен тарых нугун бурган он салгылашуунун бири дал ушул Талас согушу, Талас дарыясынын боюнда болуп өткөн.

Хижрий 134-жылы, ал эми учурдагы заманбап жылсанактын 751-жылы араб, түрк жана кытай акерлеринин ортосунда болуп өткөн дүйнөлүк тарых булактарында Талас, же болбосо Атлах салгылашуусу деп аталган окуя орун алган. Бул окуя бир гана ушул чөлкөмдөгү элдердин тагдырын өзгөртпөстөн, жадагалса Ислам цивилизациясынын өнүгүүсүнүн алгачкы кадамы болгон десек да жаңылышпайбыз. Бул согуш цивилизациялардын тиреши болгон жана тарыхта жападан жалгыз араб жана кытайлар ортосундагы согуш деп эсептелинет. Талас согушу орто кылымдардагы мусулман тарыхчыларынан болгон аль-Муттахара ибн Тахир аль Макдисинин “Китаб албаъду ал-халк ва-т-тарих” жана Ибн аль-Асирдин “аль Камил фи-т-тарих” китептеринде орун алган. Кытай булактарындагы бул салгылашуу боюнча маалыматтарды болсо америкалык Беквит аттуу изилдөөчү изилдеген.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке