Жаныш Кочкоров "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"

Описание к видео Жаныш Кочкоров "Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"

"Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин"

Сөзү : Азада Бегимкулованыкы
Обону : Ж.Кочкоровдуку

Толгонуп толкундаба, сезимдерим,
Тагдырга башымды ийген кезим менин.
Таалайсыз махабаттан өксүбөгөн,
Талантты сүйгөндөрдүн эсиндемин.

Буркурап боздой бербе, сезимдерим,
Базардан кайтып калган кезим менин.
Бааласын-баалабасын башка бирөө,
Баркымды билгендердин эсиндемин.

Кайгырып, капаланба, сезимдерим,
Карайлап жүдөп турган кезим менин.
Кааласын-каалабасын башка бирөө,
Кадырым билгендердин эсиндемин.

Чыркыраба, боздой бербе, сезимдерим,
Санаага түшүп анча эзилбегин.
Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Сырымды билгендердин эсиндемин.

Сан миң эл кайратымды ширеп турат,
Чыныгы күйөрмандын эсиндемин!

Комментарии

Информация по комментариям в разработке