"Шереметьево": Мигранттар Орусиянын аймагына киргизилбей жатат

Описание к видео "Шереметьево": Мигранттар Орусиянын аймагына киргизилбей жатат

Москванын "Шереметьево" аэропортуна Борбор Азия өлкөлөрүнөн учуп келген мигранттар бир суткадан ашык убакыттан бери кармалып турат.

Кыргызстандыктардын бири “Азаттыкка” билдиргендей, аларды кармоонун себебин эч ким түшүндүрүп айткан эмес, болбосо бардыгынын документтери жайында экенин ал кошумчалады.

Алардын манжа издери алынып, мазмуну белгисиз болгон кагаздарга кол коюуга мажбурлашкан. Телефондорун да бир нече саат текшеришкен.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигиги "Шереметьево" аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктар мурда миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн аларга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынганын билдирди. "Аталган жарандар жакынкы рейс менен кайра Кыргызстанга кайтарылат", - деп айтылат элчиликтин маалыматында.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке