Жомоктогудай сепилдерге саякат. Түркия, Измир. Эфес. Марлен Борубаев

Описание к видео Жомоктогудай сепилдерге саякат. Түркия, Измир. Эфес. Марлен Борубаев

Жомоктогу көргөн сарайлар чыныгы жашоодо да бар экен! Келгиле чогуу көрөлү!

Бул Түркиянын Измир шаарында жайгашкан Ayasuluk сепили. Дүйнө жүзүндө азыркыга чейин сакталып калган эң эски шаарлардын бири - Эфес шаарынын айланасында жайгашкан.

Б.з.ч 1050-жылдары Грециялык көчмөндөр тарабынан курулуп, аскердик чеп, диний сыйынуучу жай, сарай сыяктуу бир канча кызматтарды аткарган. Кийин бир канча грек хандыктарында, Рим, Осмон, Византия империялары доорлорунда да ар кандай кызматтарды аткарган.

Эң кызыгы, бул чепке окумуштуулар 8000 жашты бериптир, б,а курулганына 8000 жылдан ашыптыр.

1960-жылдары казуу иштери башталып, бир канча жылдарга созулган. Казуу учурунда дүйнөлүк археологияга таандык бир канча маанилүү табылгалар табылган: чиркөө, сыйынуучу жайлар, мончо, үйлөр жана күнүмдүк турмушта колдончу буюмдарды көрүүгө болот.

Осмон империясы учурунда мечиттер жана бир канча пашалардын үйлөрү болгон.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке