Малинанын мекени болгон Кадамжай району // Өнүгүүгө карай

Описание к видео Малинанын мекени болгон Кадамжай району // Өнүгүүгө карай

Малинанын мекени болгон Кадамжай районунда түшүм жыйноо кызуу жүрүүдө. Орозбеков, Көтөрмө айыл аймактарынын эли негизинен малина өстүрүшөт. Болжол менен 200 гектар жер аянтты элеген малина тааларында полька, поляна жана жергиликтүү жайдары деген түрлөрү көп кездешет. Кимия Турсункулова да учурда малина өстүрүп, үй-бүлөлүк киреше булагын толуктап келет. 8 сотых жер аянтында малинанын биринчи терими аяктоо алдында турат. Каарманыбыздын айтымында үй-бүлөлүк кирешеге кошумча тыгынчык болгон азыкты сатууда кыйынчылык деле жок. Болгону кардарларды сапаттуу малина менен камсыздап туруу кажет. Ал эми малина өстүрүүнүн сырларын мыкты билген каарманыбыз, органикалык жер семирткич катары малдын кыгын пайдаланат. Бутоо, кыркуу процесстерин өз учурунда жүргүзүү мол түшүм алууга өбөлгө түзөт. Учурда аймакта малинаны баасы 160 сомго чейин сатылууда. Элеттеги түшүм жыйноо өнөктүгүн кезектеги материалдан көрө аласыз.

Биздин баракчаларга катталууга чакырабыз

Facebook -   / utrkkg  

Youtube (УТРК) -    / ktrkkgchannel  

Instagram - https://www.instagram.com/utrk_live/?...

Телеграм - https://t.me/ktrk_live

Комментарии

Информация по комментариям в разработке