Кечирип койсон. с.Какен Алмазбековдуку, о.Ж. Шамшиевдики

Описание к видео Кечирип койсон. с.Какен Алмазбековдуку, о.Ж. Шамшиевдики

Женишбек Шамшиев обондорунун сөздөрүн кылдаттык менен тандаган. Какен Алмазбековдун сөздөрүнө бир нече обон жазган, алардын ичинде "Кечирип койсоң", "Угузчу бир сөз", "Айтып кой".

Кечирип кой

Балбылдап улам элестеп,
Бассам да, турсам сени эстеп.
Башкага көңүл бурулбайт ий,
Баягы күндөрдү эми эстеп.

Чүрөктү көрбөй калганга
Жык толду жүрөк арманга,
Өкүнүч мени мыжыгат, ий
Өзүңдү ойлой калганда.

Жодурай калсаң көз ирмей,
Жок элес -сенин өзүңдөй.
Көңүлгө дайым чок салган, ий,
Көз гана сенин көзүңдөй.

Эркелей калсаң асылып,
Эт жүрөк чери жазылып.
Аралай кирип кетчү элек, ий,
Алмалуу бакка жашынып.

Бул кезде анын бири жок,
Буркурайт жүрөк тили жок.
Бир сөзгө анча таарынып, ий,
Каякка кеттиң жиги жок.

Сен үчүн далай ырдадым,
Дагы эле келет ырдагым.
Кетирген күнөөм мойнумда, ий,
Кечирип койсоң жыргалым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке