Абу Хурайра (р.а.) ким болгон?

Описание к видео Абу Хурайра (р.а.) ким болгон?

ИСЛАМИЯТТЫН ТҮРКҮГҮ – АБУ ХУРАЙРА
Учурда ыйык үч айлар кирип келди. Ражаб, Шаабан, Рамазан. Бул айлардын өзгөчөлүгү Аллахтын Мээрим жана Ыраайымынын мол мол төгүлүүсүндө. Анан да жүрөктөр тазарып, жүздөр нурчайып, руханий абал, атмосфера да бир өзгөчө керемет боло түшөт. Анткени бул айларда ибадаттар артып, көп көп Куран окула баштайт. Кудум эле Куран түшүрүлгөн айда: Курандын алгачкы жолу түшкөн күнүн жана айын эскерип, ошол учурдагыдай атмосферада жашоого аракет кылат эмеспизби? Ылаайым эле Аллахым, бул айларда бизге ушуну сездирсин. Биз да бул айларды утурлай, Бактылуулук кылымын риваяттарында сүрөттөп, ошол кылымга күзгүлүк кылган, Пайгамбар мектебинин хафызы, эң көп хадис рываят кылган сахаба, тирүү хадис жыйнагы, диндин жана илимдин сактоочусу, унутуунун өзүн унуткан сахаба, ошол эле кезде мышыктардын атасы аталган Аз.Абу Хурайра (р.а.)ны айтып берүүнү чечтик.
Кандай киши эле дейсизби? Кең далылуу, тармал чачтуу, кара чалмалуу, кына колдонгондугунан кызыл сакалдуу адам болчу. Бирок бул сахаба жылдызын мынчалык жаркыраткан анын сырткы көрүнүшү эмес, ички ааламы болчу. Ар бири Расулуллахтын деңизинде катылып жаткан берметтей болгон сахабалардын арасынан Абу Хурайранын өзгөчө орду болгон. Аз.Абу Бакр да, Умар да, Усман да, Али да абдан жакшы көрүшчү аны. Пайгамбарлар Пайгамбары Мухаммад Мустафа сав да аны өтө жакшы көрчү дешет.
Пайгамбар мектебинде болгону төрт жыл гана окуган Абу Хурайра, өзүнүн берекелүү өмүрүндө 5374 хадис риваят кылган. Эң көп хадис риваят кылган бул зат, кудум эле ушул улуу милдет үчүн жаралган жандай эле. Күндөрдүн биринде колун көккө жайып, жалынып-жалбара дуба кылып жаткан. “Аллахым унуттурба! Аллахым унуттурба!” деп. Бул анын Пайгамбарыбыздан үйрөнгөндөрүн унутуп калбоо үчүн ыйлап-сыздап суранып жатканы болчу. Ошол учурда Абу Хурайранын кулагына “Оомийн!” деген эң жагымдуу үн угулду. Бул добушту угаар замат серпиле түшкөн Абу Хурайра, аркасын бурула караганда кимди көргөндүгүн билесизби? Расулуллахты... Ал Пайгамбарлар Пайгамбарын көргөндө жүрөгү кабынан чыкчудай дүкүлдөп, толкундана түшкөн эле. Анткени Аллах Элчисинин ошол дубага айткан “Оомийн!” сөзү, Аллахтын алдында кабыл болгондугунун жышааны болгон.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке