Бир ырдын баяны: "Издейм сени"

Описание к видео Бир ырдын баяны: "Издейм сени"

Жолон Мамытовдун сөзүнө жазылган Рыспай Абдыкадыровдун "Издейм сени" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#жолонмамытов
#рыспайабдыкадыров
#меңдимамазаирова
#издеймсени

"Издейм сени"
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга дайым сени издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга дайым сен деп кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан бир өзүң деп азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою издеттирип бир көрүнбөй койгонуң.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке