Англияга айыл чарба жумушуна келип, “белим ооруйт эле” дегендер болот

Описание к видео Англияга айыл чарба жумушуна келип, “белим ооруйт эле” дегендер болот

Кыргызстандык Абдулла Жакып уулу Англияда үчүнчү ирет айыл чарба жумуштарында иштеп жатат. Бул өлкөгө алгач жолу 2022-жылы барган. Буга чейинки сапарларында малина, кулпунай, алча өстүргөн фермаларда алты айдан иштеп келген. Азыркы тапта фермада алма терип, эмгектенүүдө.
Абдулла азыр 24 жашта. Ал үйдүн жалгыз уулу. Үй салам деген максатта 19 жашында Москвага иштегени барган. Ал жакта үч жылдай куруучу, курьер болуп эмгектенген. Бирок маянанын аздыгынан, жашоого кеткен чыгымдардын көптүгүнөн тилеген максатына жете алган эмес.
“Англиянын жакшы жери бул – жумуш болбоду дегенде айына 100 миң сом үйгө жөнөтөсүң. Үйгө бир жолу жөнөткөндө таза салганың 100 миң сом болот. Анан ал 100 миң сом менен дароо бир ишти бүтүрсө болот. Мисалы, үйдүн фундаментин сала коюп, кийинки айлыкта дубалын тургузуп койсо болот. Англиядан алган акча топтолот. Алты айда эле чоң жыйынтык көрсөтүп койсоң болот. Ошол себептен Англияда иштеген жакшы”, - дейт Абдулла.
Мигрант жигиттин айтымында, Англияга айыл-чарба жумуштарына барууга кызыккандар оголе көп. “Бирок көпчүлүк иштин оорчулугун баамдай бербейт. Ден соолугум жакшы. Сопсоомун” деп келип алышат. Бирок бир аз иштегенден кийин “менин грыжам бар эле”, “белим ооруйт эле” деп башташат. Ошондуктан бул жакка келерден мурун ден соолугун чыңдап алышса жакшы болот”, - дейт ал.
Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады

Чет жердеги журтташтар!

Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.

#MigrantMediaCentralAsia
_____________________________________________________________________

ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке