Жаңы мыйзам, катаал шарттар. Орусиядагы мигранттардын убайымы | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Описание к видео Жаңы мыйзам, катаал шарттар. Орусиядагы мигранттардын убайымы | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Орус парламентиндеги ЛДПР фракциясынын депутаттар тобу мигранттарга үй-бүлөсүн Орусияга алып кирүүсүнө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады. Ага чейин ушундай эле өңүттөгү эки документ кабыл алынган. Негизи эле Украинада согуш башталгандан бери Орусия мигранттарга болгон мамилесин катаалдатканы, “Крокус ситидеги” окуядан кийин абал ого бетер курчуганы айтылып келет. Кыргыз өкмөтү Кыргызстан ЕАЭБге мүчө экенин жүйө келтирип, жаңы мыйзам, катаал чаралар кыргызстандык мигранттарга тиешеси болбойт дегенге ишеним артып турат.

“Эксперттер талдайт” берүүсүнүн бул чыгарылышында миграция, анын ичинен орус бийлиги кабыл алган мыйамдарды талкуулайбыз. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү Эркинбек Каримов, укук коргоочу Турсунбек Акун жана мигранттар менен иштешкен "Инсан-Лейлек" уюмунун өкүлү Нурсултан Карабаев катышат.

_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке