21-июнь: Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт

Описание к видео 21-июнь: Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт

21-июнь
Күнɵɵнү жеңүүгө күч берген бакыт
Жон Пайперден насаат сɵз

Ыйса аларга мындай деди: «Мен өмүр берүүчү нанмын. Мага келген адам ачка болбойт, Мага ишенген адам эч качан суусабайт» (Жакан 6:35).

Биз бул жерден ишенимдин маңызы – бул Кудайдын Ɵзү менен Машаяк аркылуу бактылуу болуу экендигин кɵрɵ алабыз.
Ишенимди ушул жол менен аныктоодо эки нерсени баса белгилесек болот. Биринчиси - бул Кудай биздин ишенимибиздин борборунда. Бизди жалгыз Кудайдын убадалары чындап бактылуу кыла албайт. Бир гана Кудай Ɵзү, Ыйса аркылуу бизди чындап бактылуу кылат. Биз үчүн Кудайдын убада кылган белектери эмес, Машаяктын Ɵзү баалуу.
Ишеним келечекте бизге бериле турган мал-мүлктɵн эмес, Кудай Ɵзү асманда биз менен бирге болоорунан үмүттɵнɵт (Аян 21:3). Анан мен асмандан мындай деген катуу үндү уктум: «Мына, Кудайдын жыйын чатыры адамдар менен бирге. Кудай алар менен жашайт, алар Анын эли болушат. Кудай Өзү алар менен болуп, алардын Кудайы болот».
Ал тургай азыр дагы үмүтүбүздөгү эң баалуу нерсе бул биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши эмес (бул өтө кымбат болсо дагы), жүрөгүбүздө тирүү Машаяктын бар экендиги жана Кудайдын толуктугу. Эфестиктерге 3:17-19-аяттарда Пабыл мындай деп сыйынат: «Ишеним аркылуу Машаяк силердин жүрөгүңөрдөн орун алсын…. Кудайдын толуктугуна толгула».
Кудайдын Ɵзү менен Машаяк аркылуу бактылуу болуу менен ишенимди аныктоодогу дагы бир белгилеп кетчү нерсе бул «бактылуу болуу» деген сɵз. Ишеним - бул Кудайдын булагы менен рухтун чаңкоосун кандыруу. Жакан 6:35-аятта «ишенүү» Ыйсанын алдына «ɵмүр берүүчү нанды» жегени жана «тирүү суу» (Жакан 4:10, 14) ичкени «келүү» дегенди билдирет. Ыйсанын Ɵзү «ɵмүр берүүчү нан» жана «тирүү суу».
Биз сезип жаткан күнөөкөр каалоолорду жеңүү үчүн берилген ишенимдин күчү дал ушунда. Эгер жүрɵгүбүз Кудайдын Ɵзү менен Машаяк аркылуу бактылуу болсо, анда бул бизге башка нерселерден бакыт тапканга аракет кылган азгырыктарга каршы турууга мүмкүнчүлүк берет.
Кудайдагы жыргалчылык насаат сɵзүнɵн үзүндү, 235-236-беттер.


Жакшы Кабар Медиа. Төмөнкү баракчаларыбызда көбүрөөк маалымат каражаттарын тапсаңыз болот:
💻 Сайт: https://www.jakshykabar.com
✨ Instagram:   / jakshykabar  
🎵 Facebook:   / jakshykabarmedia  
🎼Twitter:   / jakshykabar  
📸Telegram: https://t.me/jakshykabar

Комментарии

Информация по комментариям в разработке