Нарын. Булганган дарыя, жарылган түтүктөр

Описание к видео Нарын. Булганган дарыя, жарылган түтүктөр

Нарын шаарында 40 миң киши жашайт. Күн сайын шаардан тонналаган саркынды суу чыгат. Мына дал ушул тазаланбаган суу бийик тоолордон башат алган Нарын дарыясына агып кошулууда. Ал эми Нарын дарыясы Кыргызстандын эң чоң жана суусу мол байлыгы. Экологдор Нарын суусунан адамдын ден соолугуна зыяндуу бактерияларды таап, бул көрүнүштү экологиялык коркунучтардын тизмесине каттаган. 1968-жылы Нарын шаарына караштуу саркынды сууларды тазалоочу комплекс ишке кирген. Анткени менен бул комплекстин жарымы тонолуп, калганы кир суунун 40 пайызын гана тазалай алат. Учурда суу тазалаган бул комплекс оңдоп-түзөөгө муктаж. Аны оңдоого миллиондогон евро бөлүнсө дагы, ремонт бүгүнкүгө чейин башталбай турат. Эмне үчүн проект ишке ашпай жатат? Комплекс качан оңдолот? Видеону көрүңүз.

#нарын #кыргызстан #суу

Комментарии

Информация по комментариям в разработке