"Көл жээгинде өткөн кез" | 3 | Балаңдын маанайы пас го? | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Описание к видео "Көл жээгинде өткөн кез" | 3 | Балаңдын маанайы пас го? | Автор: Айгүл Шаршен/Аудио китеп

Анын кабагына кар жаап турганын көргөн Садыбакас аялына башын бурду.
– Балаңдын маанайы пас го?
– Чарчап келди да.
– Өзүң сүйлөш, эртең колуктусу менен кийим-кече тандашсын.
– Эртең эрте айтабыз, эми унчукпай эле кой, ого бетер капа болот.
– Бу кандай эле капа болот, мындай кезде мен жалаң гана жумуш деп жүрүп, эчтекени ойлоого убактым жок эле.
– Сенин убагың ошондой болчу, мен Артыкты чакырайын, ашыкча сөз сүйлөөчү болбо, – деп Үпөл аярлай басып Артыктын бөлмөсүнө башбакты. – Артык, тамак ич, уулум.
– Апа, кардым ток, – деп ал терс бурулду.
– Эртең эс аласыңбы, балам?

Комментарии

Информация по комментариям в разработке