Россиядан келип Баткенден бактын тапкан мугалим кыз

Описание к видео Россиядан келип Баткенден бактын тапкан мугалим кыз

71 жаштагы Любовь Исакова 1970-жылы Россиядан Баткенге мугалим болуп келген. Анда ал болгону 21 жашта болчу. Арадан эки жыл өтүп ал кыргыз жигитке турмушка чыккан. Исакова Баткенде өткөргөн өмүрүн эл агартууга арнаган.


Любовь Исакова учурда жолдошу менен Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Адыр айылында жашайт. Ал Кыргызтанга алгачкы келген күндөрүн жана кыргыз үй-бүлөсүндө жаңыдан бүлө болгон жылдарын эскерип айтып берди.


Ошол жылдары Россияда окуу жайды жаңы аяктаган Любовь Исакова менен бирге дагы 35 мугалим келген.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке