"МУРАС" | Гүлзат Бектемир | аудио китеп

Описание к видео "МУРАС" | Гүлзат Бектемир | аудио китеп

Гүлзат Бектемирдин бул чакан аңгемеси мага чыныгы турмуштан алынгандыгы (анткени бул сыяктуу бир туугандар ортосунда өлгөн жакындарын көмүп-көмбөй жатып, мүлк талашып ырк кеткенин көп угабыз), ошол эле учурда аны ушунчалык түшүнүктүү, көркөм тилде мыкты сүрөттөгөнү менен жакты. Окуя кыздын көзү менен берилет. Каармандын өзүнүн "шакекти мыжыга" кармап базарга кандай келсе, кайра акчаны ошондой эле мыжыга кармап шашып кеткени көп ойго салды - эжесинен корктубу, тагдырына нааразы боло азыркы абалынан качтыбы, эки эжесинин ортосунда өзүнүн белгисиз орду үчүн ачындыбы - ким билет. Айтор окурманды көп ойго салган аңгеме экен. Уккан соң сөзсүз пикириңизди калтырыңыз, угарманым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке