Logo video2dn
  • Сохранить видео с ютуба
  • Категории
    • Музыка
    • Кино и Анимация
    • Автомобили
    • Животные
    • Спорт
    • Путешествия
    • Игры
    • Люди и Блоги
    • Юмор
    • Развлечения
    • Новости и Политика
    • Howto и Стиль
    • Diy своими руками
    • Образование
    • Наука и Технологии
    • Некоммерческие Организации
  • О сайте

Скачать или смотреть Зат атоочтун таандык категориясы

  • KAPARMV
  • 2020-08-16
  • 11552
Зат атоочтун таандык категориясы
  • ok logo

Скачать Зат атоочтун таандык категориясы бесплатно в качестве 4к (2к / 1080p)

У нас вы можете скачать бесплатно Зат атоочтун таандык категориясы или посмотреть видео с ютуба в максимальном доступном качестве.

Для скачивания выберите вариант из формы ниже:

  • Информация по загрузке:

Cкачать музыку Зат атоочтун таандык категориясы бесплатно в формате MP3:

Если иконки загрузки не отобразились, ПОЖАЛУЙСТА, НАЖМИТЕ ЗДЕСЬ или обновите страницу
Если у вас возникли трудности с загрузкой, пожалуйста, свяжитесь с нами по контактам, указанным в нижней части страницы.
Спасибо за использование сервиса video2dn.com

Описание к видео Зат атоочтун таандык категориясы

Өзү негизинен кыргыз тилинен сырткары алганда деле мамиле курууда, аңгемелешүүдө, пикир алышууда үч жак болот. Биринчи жак, экинчи жак жана үчүнчү жак. Албетте, биринчи жак мен же биз, сүйлөп жаткан тарап, ал эми экинчи жак – сен же сиз, же силер, же сиздер – угуучу тарап, пикирлешүүчү тарап, ал эми үчүнчү жак – ал, алар, биздин сөзүбүзгө аралашпай, же жөн гана четте карап турган тарап деп салыштырмалуу атап коё берели. Демек, үч жак: биринчи жак, экинчи жак жана үчүнчү жак.
Көп учурда бизге түшүнүктүү болсун үчүн мен, сен жана ал деп түшүндүрүп келишет. Бул деле туура, бирок бул “мен”, “сен”, “ал” деген сөздөр ат атооч сөз түркүмүнө таандык сөздөр болгондугу үчүн зат атоочтор менен алмаштырып албоо керек. Кыскасы, азырынча ушул үч жак бар экендигин билип эле туралы, калганына кийин токтолобуз.
Эми таандык категориясы. Таандык деген эмне? Кандай маанини берет? Синонимдери барбы? Ооба. Таандык “ тиешелүү”, “кимдир бирөөнүкү”, “кимгедир тиешелүү” дегенди билдирет. Бизди курчаган көптөгөн заттар, нерселер, буюмдар кимдир бирөөнүкү, кимдир бирөөгө таандык. Китеп дейли, бул маселен, мага таандык, ошон китебим. Биринчи жак менмин, китебим. Эгер экинчи жак сага же сизге тиешелүү китеп болсо, китебим дебестен, “китебиң” демекмин. Анткени сага таандык. А эгер сага да, мага да тиешеси жок болсо, башка бирөөнүкү, үчүнчү жактыкы. Анда “китеби”. “Китеби” деп айтса, ал ушул турушунда эле сеники да, меники да эмес экендигин так эле билип турабыз, андыктан меники деп талашуунун кажети жок. “Китебиң” десем, “А, меники турбайбы, бер мага” десең, болот. “Балмуздак” сөзүн алабыз. Бул зат атооч. Азырынча бул балмуздак кимдики экендиги, кимге тиешелүү экендигин билбейбиз. Жөн гана турат. Таттуу, муздак балмуздак. “ Балмуздагым” десек, эми дароо айкын болду кимге таандык экендиги. Демек көз артмай жок. Кокус “балмуздагың” десек, анда болду, ала бер да, тартынбай жей бер. Анткени сенин балмуздагың экендигин, сага гана таандык экендигин түшүнүп турабыз. Жегиң келбесе, анда дароо “балмуздагым” дегенге даярмын. А эгер “балмуздагы” десек, анда бүттү, экөөбүз тең балмуздактан куру жалак калдык деп түшүнсөк болот. Анткени бул үчүнчү жакка таандык да, экөөбүз эки көзүбүздү кызартып, жутунуп кала беребиз.
Демек, менимче, түшүнүктүү эле болду окшойт, э? Таандык деген кимдир бирөөгө тиешелүү деген маанини берет. Таандык категориясы деле дал ушул. Биз көрүп, билип, тааныган заттын, буюмдун, нерсенин кимдир бирөөгө таандык экендигин, тиешелүү экендигин аныктап, тактап, айкындап, билдирип, түшүндүрүп, көрсөтүп, айтып, баяндап, ачыктап, далилдеп турат. Ошол.
Зат атоочтун таандык категориясын уюштуруучу өзүнө таандык мүчөлөрү бар.
1. Биринчи жакты жасоочу мүчөсү – ым;
Китеп-ым=китебим, балмуздак+ым=балмуздагым
Же ушунун көптүктү билдирүүчү түрү -ыбыз;
Китеп+ыбыз=китебибиз, балмуздак+ыбыз=балмуздакгыбыз
2. Экинчи жакка таандык кылуучу мүчөсү -ың;
Китеп+ың=китебиң, балмуздак+ың=балмуздагың
Көптүк маанини билдирүүчү түрү -ыңар;
Китеп+ыңар=китебиңер, балмуздак+ыңар=балмуздагыңар
Ушул экөөнүн сылыктыкты, сыйлоону, маданияттуулукту, кичипейилдикти билдирген формалары
-ыңыз; китеп+ыңыз=китебиңиз, балмуздак+ыңыз=балмуздагыңыз
-ыңыздар: китеп+ыңыздар=китебиңиздер, балмуздак+ыңыздар=балмуздагыңыздар
3. Үчүнчү жакты жасоочу мүчө -ы;
Китеп+ы=китеби, балмуздак+ы=балмуздагы
Жакшылап аңдап байкаган болсок, жогорку мүчөлөрдүн жардамы аркылуу зат, буюм, нерсе бейтарап, өз алдынча эмес, кимдир бирөөгө таандык, тиешелүү болуп калды. Мына ошондуктан таандык категориясы деп зерикпей окуп жатабыз. Дал ушул үчөөнө тиешелүү дагы бир маселеге токтолбосок болбой калат. Жогорку эки сөздү, китеп, балмуздакты – алсак, бул экөөбү тең үнсүз тыбыштар менен бүтүп жатат. Бири “п”, экинчиси “к” үнсүз тыбыштары менен аяктоодо. Эгерде үндүү тыбыштар менен аяктаган сөзгө ушул таандык мүчөлөр уланса, анда дагы айырмачылык болот.
Мисалы, ата, бала сөздөрүн мисал келтирели.
1-жак: ата+ым=атам, бала+ым=балам
2-жак: ата+ың=атаң, бала+ың=балаң же бала+ыңыз=балаңыз
3-жак: бала+ы эмес бала+сы болуп, жыйынтыгында баласы болот. Эгерде “-сы” болбой “ы” бойдон калганда, баласы эмес балаы, атасы эмес, атаы болуп калмак. Ал биринчи жана экинчи жактын мүчөлөрүн карасак, биринчи үндүү тыбыштары түшүп калган. Түшүрүлбөгөндө “атаым”, “балаың” бойдон кала бермек. Мына айырмачылык ушунда. Унутпайбыз. Биз жогоруда атаган мүчөлөр “жак таандык мүчөлөр” деп аталат. Андан сырткары да биздин бир аз убакытыбызды алуучу мүчө бар, ал “жалпы таандык мүчө” деп аталат. Ал жалгыз жана үч жакка тең улана берет. Ал -ныкы; деген мүчө.
Мисалы: Акыл+ныкы=Акылдыкы, апам+ныкы=апамдыкы, агам+ныкы=агамдыкы.

Сөздөрдүн түркүмдөргө бөлүнүшү
   • Кыргыз тилинин сөз түркүмдөрү / ЖРТга даяр...  

Зат атоочтор
   • Видео  

Зат атоочтун сан категориясы
   • Зат атоочтун сан категориясы  

Сингармонизм: ундүүлөрдүн үндөшүүсү
   • Кыргыз тили: сингармонизм (ундуулордун унд...  

Ассимиляция: үнсүздөрдүн окшошуусу
   • Кыргыз тили_6-сабак_Ассимиляция же унсуздо...  

#кыргызтили #морфология #ЖРТ

Комментарии

Информация по комментариям в разработке

Похожие видео

  • Кыргыз тилинин сөз түркүмдөрү / ЖРТга даярдануу
    Кыргыз тилинин сөз түркүмдөрү / ЖРТга даярдануу
    7 лет назад
  • 1. Антоним & Синоним ЖРТ&ОРТ. Эталон-кыргыз тили. Аналогия
    1. Антоним & Синоним ЖРТ&ОРТ. Эталон-кыргыз тили. Аналогия
    1 год назад
  • Президент парламентке барды, Конгантиев кармалды | Жаңылыктар | 11.03.2026
    Президент парламентке барды, Конгантиев кармалды | Жаңылыктар | 11.03.2026
  • 1. Окуп-түшүнүү ЖРТ&ОРТ. Эталон-кыргыз тили.
    1. Окуп-түшүнүү ЖРТ&ОРТ. Эталон-кыргыз тили.
    1 год назад
  • 5-класс | Кыргыз тили | Зат атоочтордун жасалышы
    5-класс | Кыргыз тили | Зат атоочтордун жасалышы
    5 лет назад
  • Тарбиялык саат же Ачык сабак учун титульный лист жасоо
    Тарбиялык саат же Ачык сабак учун титульный лист жасоо
    1 месяц назад
  • Орусча уйронуу. Орус тилин уйронуу. Имя существительное. Зат атооч
    Орусча уйронуу. Орус тилин уйронуу. Имя существительное. Зат атооч
    5 лет назад
  • КАТАСЫЗ ЖАЗА АЛАСЫЗБЫ?
    КАТАСЫЗ ЖАЗА АЛАСЫЗБЫ?
    3 года назад
  • Иран не примет перемирие? Скотт Риттер: война только начинается
    Иран не примет перемирие? Скотт Риттер: война только начинается
    8 часов назад
  • Кыргыз тили:аналогияларды чечмелейбиз/2021-жыл
    Кыргыз тили:аналогияларды чечмелейбиз/2021-жыл
    4 года назад
  • Бул кайсы макал, билесизби?
    Бул кайсы макал, билесизби?
    3 года назад
  • 5-класс | Кыргыз тили | Лексика жөнүндө түшүнүк. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери
    5-класс | Кыргыз тили | Лексика жөнүндө түшүнүк. Сөздүн лексикалык жана грамматикалык маанилери
    5 лет назад
  • Таандык байланыш
    Таандык байланыш
    4 года назад
  • 4-класс. КЫРГЫЗ ТИЛИ / Жактама ат атооч / ТЕЛЕСАБАК / 13.04.2021
    4-класс. КЫРГЫЗ ТИЛИ / Жактама ат атооч / ТЕЛЕСАБАК / 13.04.2021
    4 года назад
  • 6-класс | Кыргыз тили | Чамалама сан атооч
    6-класс | Кыргыз тили | Чамалама сан атооч
    5 лет назад
  • Грамматика негизги түшүнүктөрү
    Грамматика негизги түшүнүктөрү
    10 лет назад
  • Сөздүн уңгу жана мүчөгө ажырашы   5-класс
    Сөздүн уңгу жана мүчөгө ажырашы 5-класс
    5 лет назад
  • Кыргыз тилин үйрөнөбүз! Адам аттары жана энчилүү аттар
    Кыргыз тилин үйрөнөбүз! Адам аттары жана энчилүү аттар
    9 лет назад
  • 6-класс | Кыргыз тили | Иреттик сан атооч
    6-класс | Кыргыз тили | Иреттик сан атооч
    5 лет назад
  • Зат атоочтун сан категориясы
    Зат атоочтун сан категориясы
    7 лет назад
  • О нас
  • Контакты
  • Отказ от ответственности - Disclaimer
  • Условия использования сайта - TOS
  • Политика конфиденциальности

video2dn Copyright © 2023 - 2025

Контакты для правообладателей video2contact@gmail.com