Жаркылдагым - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2024

Описание к видео Жаркылдагым - Сыймык Бейшекеев жаңы ыр 2024

#жаркылдагым #сыймыкбейшекеев #жаныыр #2024 #кыргызчаырлар #сыймыкырлары #ыр2024 #бейшекеевырлар
Сөзү: Сыймык Бейшекеев & Назима Алмазбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев

Сен, баш ийбес сезимди багындырып,
Сен, жолоочу кылдың жолго камындырып.
Сен, буйруксуз арзуу экенин билип туруп,
Сен, койдуңбу карааныңа кагылдырып?!

Анда неге, бир көрүнүп таптырбадың?
А балким сен мени чындап жактырбадың.
Карааның таппасам да, кабарың айтпасаң да,
Мен сени издеп жүрөм асылзатым.
Дайының таппасам да,
Дарегиң жазбасаң да, мен сени издеп жүрөм жаным.

Сен, узаган жаштыгымды чагылдырып,
Сен, арзуудан асыл тумар тагындырып.
Сен, сүйүүмдүн тунуктугун сезип туруп,
Сен, келбедиң кезигүүгө сагындырып.

Айтчы анда, кандай айла таптырасың?
Эмне кылсам сен да мени жактырасың?
Өзүмдү сүйбөсөң да,
Өрт болуп күйбөсөң да,
Мен сени күтө берем жаным, жаным.
Өмүрдө таппасам да,
Өзүңө жакпасам да,
Мен сени сүйө берем жаркылдагым.

Мен, ой менен учам сага жиреп булут,
Мен, жашаймын элесиңди тирек кылып.
Мен, сезимге сүрөтүңдү катып жүрөм,
Мен, бир жолу жолугам деп тилек кылып.

Анда неге, ак шуруңду калтырасың,
А балким сен ичтен сызып жактырасың.
Үй-бүлөң буза албай,
Үмүтүң үзө албай,
Үндөбөй жүрөсүңбү жаным, жаным?!
Турмушуң коюп бийик,
Тагдырга башың ийип,
Таптырбай жүрөсүңбү, жан кымбатым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке